Азия чемпионаты -2024: Тайырбек Жумашбек уулу Азия алтын медаль алды

Автор

Кыргызстандын эркин күрөш курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алтын медалын жеңип алды.
Кыргызстандык балбан 61 кг салмак категориясында турнирдин экинчи айлампасынан тартып катышып, алгач 1/8 финалда Түндүк Кореялык атаандашы Кум Чол Рини 5:0 эсебинде жеңип, 1/4 финалга чыккан. Жарым финалда ал ирандык Резу Атринаргхарчи 11:7 эсебинде артка калтырган.
Ал эми алтын медаль үчүн күрөштө кыргыз балбаны казакстандык атаандашын 3:1 эсебинде утуп, экинчи ирээт Азия чемпиону аталды.

Бөлүшүү:
Next Post

Токаев кырдаал оор экенин жарыялады

Казакстандын бир катар аймактарын каптаган ири көлөмдөгү суу ташкындарынан улам абал өтө оор бойдон калууда. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев Илим жана техника боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди. «Белгилүү болгондой, өлкөнүн бир катар аймактары 80 жылдан ашык убакыттан бери боло элек катуу суу ташкындарынан олуттуу зыян тартты. Көптөгөн калктуу […]

Сизге жагышы мүмкүн