Азия чемпионаты – 2024: Бүгүн Жоламан Шаршенбеков баштаган балбандар күрөшөт

Автор

Бишкекте Азия чемпионатынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш уланууда.
Бүгүн, 16-апрелде килемге Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Бексултан Махмудов (97 кг) чыгат.
Беттештер саат 11:00до башталат. Азия чемпионаты «Бишкек Аренада» өтүүдө.
Белгилей кетсек, Бишкекте 11-апрелде башталган мелдеш 16-апрелде жыйынтыкталат. 11-12-апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар өттү. 15-16-апрелде грек-рим балбандыр күч сынашат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жалал-Абадда турак үйлөрдү, көчөлөрдү суу каптап жатат

Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаандан улам турак жайлардын короосун суу каптоодо. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда аймакта катуу жаан жаап, анын кесепетинен шаарда жайгашкан ички арыктарга сел суулары толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптоодо деген кабар түшкөн. Жерине Жалал-Абад шаардык өзгөчө […]

Сизге жагышы мүмкүн