Азия чемпионаты: Эрлан Шеров дзюдо боюнча коло медаль алды

Автор

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды. Чемпионат Кытайдын Гоконг шаарында 20-апрелден 23-апрелге чейин өтүүдө.
Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров мелдешке 90 кг салмак ченинде 1/8 финалдан тарта катышып, индиялык спортчуну жеңип алды. Ал эми чейрек финалда кыргызстандык дзюдочу ливандык Карамнобу Сагаиповго жеңилди.
Жубатуучу беттеште кыргыз спортчусу тажикстандык Комромсох Юстопирионду артта калтырды. Ал эми 3-орун үчүн болгон чечүүчү кармашта Эрлан Шеров учурда БАЭ курамасынын атынан чыгып жаткан россиялык спортчу Арам Григорянды жеңип, коло медалга ээ болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Зыянкеч чегирткелерди жок кылуу аракеттери көрүлүүдө

Жалал-Абадда зыянкеч чегирткелерди жок кылуу аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 23-апрелге карата Жалал-Абад облусунда 2 270 гектар аянтта зыяндуу чегирткелерди аныктоо боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүп, чегиртке таркалган аянт облус боюнча 1340 гектарды түздү. Анын ичинен төмөнкү аянттарда чегирткенин […]

Сизге жагышы мүмкүн