Азия чемпионаты. Кыргызстандын кармашып урушуу боюнча курамасы 9 медаль утту

Автор

Кыргызстандын кармашып урушуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында жалпы 9 – 1 алтын, 2 күмүш, 6 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 13-14-сентябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Монголия, Иран, Пакистан, Таиланд, Афганистан, Түштүк Корея, Япония, Ливан, Кытай, Непал жана Сириянын спортчулары катышты.
Кыз-келиндер арасында 58 кг салмакта Бактыгүл Курманбекова алтын медалга ээ болду.
Ал эми эркектер арасында Автандил Жоомарт уулу (57 кг) жана Токтосун Бегматов (73 кг) күмүш медаль тагынышты. Айтегин Рустам уулу (57 кг), Бектурсун Махмуд уулу (73 кг), Актан Боомбеков, Бекжан Мукашев (88 кг), Сыймык Көчкөнбаев (97 кг) жана Азиреткул Туйчиев (+97 кг) коло медалдарга ээ болушту.
Курама команда башкы машыктыруучу Шамурат Байзаков жана улук машыктыруучу Урмат Токтоналиевдин жетекчилиги астында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК тармактык комитети Аскар Акаевдин макамы боюнча арызын карады

Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот укук маселелери боюнча комитетинде Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү боюнча жазган арызын карады. Комитет Аскар Акаевдин жазган арызын канаттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды. Эми бул маселе комитеттин токтомуна ылайык, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат. Жыйында депутат Гуля Кожокулова […]

Сизге жагышы мүмкүн