Азия чемпионаты: Кыргызстандык тайбоксчулар 13 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын тайбокс боюнча улуттук курама командасы Армениянын Ереван шаарында өткөн Азия чемпионатында 13 медаль жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 11и алтын, экөө күмүш медаль.
Алтын медалдын ээлери:
Рамис Масловец (42 кг),
Диана Заинитдинова (54 кг),
Алия Саалыева (48 кг),
Милана Шихшабекова (51 кг),
Аделя Асылбек кызы (60 кг),
Махабат Орозбекова (67 кг),
Альберт Бактыбеков (57 кг),
Элзаман Замирбеков (60 кг),
Ихтияр Каныметов (63,5 кг),
Султан Амангелдиев (71 кг),
Дмитрий Луговой (91 кг).
Күмүш медалдын ээлери:
Ильяз Абдулин (54 кг)
Ахмед Ашурбеков (75 кг).
Эскерте кетсек, мелдеш 3-6-октябрь күндөрү өтүп, курама команда машыктыруучулар Сыргак Айталиев, Дильшат Даутов, Александр Кононенко жана Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын усулчусу Адилет Табылдиевдин жетекчилиги алдында катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Ливан Израилдин агрессиясына каршы даярдыгын билдирди

Ливандын куралдуу күчтөрү Израил менен болгон түштүк чек араларда жайгашып, Израилдин агрессиясына мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында каршы турууга даяр экенин армиянын билдирүүсүндө айтылат. “Биздин күчтөр мекенибиздин бүт аймагында, анын ичинде түштүк чек араларда жайгашкан. Биз өз жерибизди мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чегинде коргоого даярбыз”,-деп жазылган билдирүүдө. Ошондой эле армиянын командачылыгы ок атышууну токтотуу боюнча дипломатиялык […]

Сизге жагышы мүмкүн