Азия чемпионатында Тайырбек Жумашбек уулу финалга чыкты

Автор

Кыргызстандын эркин күрөш курама командасынын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты.
Кыргызстандык балбан 61 кг салмак категориясында турнирдин экинчи айлампасынан тартып катышууда. Алгач 1/8 финалда Түндүк Кореялык атаандашы Кум Чол Рини 5:0 эсебинде жеңип, 1/4 финалга чыккан.
Жарым финалда ал ирандык Резу Атринаргхарчи 11:7 эсебинде артка калтырып, турнирдин финалына чыкты.
Алтын үчүн кармаша Тайырбек Жумашбек уулу казакстандык Асылжан Айтакын менен күрөшөт.

Бөлүшүү:
Next Post

13-апрелге карата аба ырайы

13-апрелге караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн