Азия чемпионатында кыргызстандык эки балбан коло утту

Автор

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Улукбек Жолдошбеков жана Алибек Осмонов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында 3-орунду ээлешти.
Улукбек Жолдошбеков 65 кг чейинки салмакта 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Аббос Рахмоновду 6:4 эсебинде артта калтырды.
Ал эми Алибек Осмонов 70 кг чейинки салмак ченинде Мустафо Ахмедов аттуу тажикстандык балбанды жеңип, коло байгеге татыды.
Эске салсак, ушул тапта “Бишкек Арена” муз аянтчасында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

12-апрель – бүткүл дүйнөлүк космонавтика күнү

12-апрель – бүткүл дүйнөлүк космонавтика күнү. Советтик космонавт Юрий Гагарин “Восток” космос кемеси менен 1961-жылы “Байконур” космодромунан учуп, Жер планетасын толугу менен айланып чыккан. Ал жердин айланасындагы ааламда 108 мүнөт болуп, Россиянын Саратов облусунда аман-эсен конгон. 1962-жылдын 12-апрелинде СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен бул күн – Космонавтика Күнү деп […]

Сизге жагышы мүмкүн