Азия чемпионатында кыргызстандык жаш дзюдочулар 10 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 2 алтын , 8 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара Түштүк Кореянын Мунген шаарында өттү.
Өспүрүмдөр арасында (U-17) Марсель Түмөнбаев (50 кг), Адис Орозмаматов (60 кг), Айдай Какитаева (57 кг) жана Азима Конокбаева (70 кг) коло медалга ээ болушту,
Жаштар арасында (U-20) Эржан Канатбеков (81 кг) жана Эмирхан Жолдошбеков (+100 кг) алтын медалга ээ болушту.
Алина Молдокулова (70 кг), Жанара Жолдошева (57 кг), Мырзайым Дүйшөнбекова жана Адина Көчкөнбекова (63 кг) 3-орунду ээлешти.
Курама команда улук машыктыруучулар Жаркынбек Шамбетов, Эрмек Сариев, Тимур Өмүрбеков жана Алибек Чороевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте 1002 автобус каттамдарга чыгууда

Сентябрдан тарта “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын 1002 автобусу иштей баштады. Ошондой эле, 41 троллейбус жана 46 автобус мурда троллейбустар каттаган каттамдар боюнча шаар тургундарына кызмат көрсөтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. “Жүргүнчүлөрдү ташуу ассоциациясы” муниципалдык ишканасынын 174 кичи автобусу жана “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсынын 124 автобусу линияга чыкты. Жаңы […]

Сизге жагышы мүмкүн