“Азия оюндары-25”: Кыргызстандан слалом боюнча 11 спортчу катышат

Автор

Кыргызстандын слалом боюнча спортчулары Кытайдын Харбин шаарында өтө турган кышкы Азия оюндарына катышат.
Слалом боюнча Кыргызстандын курамасында 11 спортчу бар. Мелдеш 7-14-февраль күндөрү өтөт.
Слалом боюнча курама команданын тизмеси:
Надим Мухтаров;
Евгений Тимофеев;
Роман Нарчуганов;
Насур Хуров;
Тимур Шакиров;
Альбина Ибрагимова;
Арина Шабанова;
Максим Гардеев;
Александр Коробов;
Самира Аматова;
Альбина Иванова;
Улан Шаршен уулу, Бакыт Түлөжанов — машыктыруучулар;
Иван Барисов — башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан хоккей, биатлон, слалом, кёрлинг жана көркөм муз тебүү боюнча 50дөн ашуун спортчу катышары күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Сириянын жаңы бийлиги Россиядан Башар Асадды берүүнү талап кылды

Сириянын жаңы бийлиги Россиядан мурдагы президент Башар Асадды өткөрүп берүүнү талап кылды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. Мындай талапты Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа койгон. Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул маалымат боюнча Reuters агенттигине комментарий берүүдөн баш тартты. Россиянын ТИМинин жетекчисинин орун басары Михаил Богданов башында турган делегация […]

You May Like