Азия оюндары: Махмудовдун атаандаштары белгилүү болду

Автор

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун (77 кг) Азия оюндарындагы атаандаштары белгилүү болду. Балбанбардын тизмесин Дүйнөлүк күрөш уюму жарыялады.

Азия оюндарында 77 кг салмакта жалпы 12 балбан алтын байге үчүн күч сынашат.

Акжол Махмудов 4-октябрда таймашка чыгат.

77 кг салмактагы балбандар:

 

Сопхак Кео (Камбожа)

Руй Лю (Кытай)

Викас (Индия)

Андика Сулаеман (Индонезия)

Амин Кавиянинежад (Иран)

Кодай Сакураба (Япония)

Азат Садыков (Казакстан)

Акжол Махмудов (Кыргызстан)

Бахит Бадр (Катар)

Хёну Ким (Түндүк Корея)

Висит Тамвират (Таиланд)

Дилшод Омонгелдиев (Өзбекстан)

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия континентинен 45 өлкө катышуусунда XIX жайкы Азия оюндары өтүп жатат. Оюндарга Кыргызстандан 160 спортчу спорттун 23 түрү боюнча катышууда. Спорттук иш-чара 8-октябрга чейин уланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз-тажик  чек ара талашына чекит коюлду

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болду. Бул туурасында министрлер кабинети билдирди. Жолугушуу Баткен шаарында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өткөн. “Делегациялардын башчылары кыргыз-тажик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелериндеги иштерди активдештирүү зарылчылыгын билдирип, […]

Сизге жагышы мүмкүн