Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитети Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия оюндары өтө турган жайларга барды.
Азия оюндары 2023-жылдын 23-сентябрынан 8-октябрына чейин Ханчжоу шаарында өтөт. Учурда спорттук айыл жана мелдеш өтүүчү жайлар оюндарга даяр. Спортчулар үчүн жатаканалар, машыгуу жана мелдеш залдары заманбап жабдуулар менен жабдылган.
Азия оюндарында Кыргызстандын атынан спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча катышат:
Күрөш, бокс, дзюдо, жеңил атлетика, оор атлетика, сууда сүзүү, волейбол, футбол, ат спорту, кайык жана каноэде жарышуу, жаа атуу, ок атуу, фехтование, көркөм гимнастика, триатлон , эспорт, каратэ, жиу-житсу, шахмат, ушу-санда.