Азия оюндары: Балбан Раззак Бейшекеевдин атаандаштары белгилүү болду

Автор

Бүгүн, 4-октябрда Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында күрөш боюнча мелдештер башталат.

Аталган мелдеште 67 кг салмакта жылдызы жанып келе жаткан кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Раззак Бейшекеев күч сынашат. Ал быйыл 19 жашта. Бейшекеев — жаш экенине карабай Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековдун жолун жолдоп, күрөш дүйнөсүнө атын чыгарып, топ жара турган балбандардын бири.

Раззак Бейшекеевдин Азия оюндарындагы атаандаштарынын аттары белгилүү болду. Дүйнөлүк күрөш уюму жарыялаган тизмеге ылайык, мелдешке жалпы 13 балбан катышат. 67 кг салмакта балбандар 4-октябрда таймашка чыгат.

 

67 кг салмакта күрөшө турган балбандар:

 

Лей Ли (Кытай)

Ёнджин Ро (Түндүк Корея)

Нираж (Индия)

Мухаммад Алянсия (Индонезия)

Даниал Сохраби (Иран)

Кацуаки Эндо (Япония)

Мейиржан Шермаханбет (Казакстан)

Раззак Бейшекеев (Кыргызстан)

Хансу Рю (Түштүк Корея)

Нуттапонг Хинми (Таиланд)

Фируз Мирзоражабов (Тажикстан)

Мансур Еурбердиев (Түркмөнстан)

Махмуд Бахшиллоев (Өзбекстан)

Бөлүшүү:
Next Post

Президент “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” КР конституциялык мыйзамына кол койду, аталган конституциялык мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 28-сентябрында кабыл алынган. Конституциялык мыйзам менен КР Конституциялык сотуна Кыргыз Республикасынын Жогорку соту сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктар […]

Сизге жагышы мүмкүн