Азия оюндары: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Автор

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын жарым финалына чыкты.

Айпери Медет кызы бүгүн, 6-октябрда килем үстүнө чыгып, биринчи беттеши 1/8 финалда болуп өттү. Алгачкы кармашында ал кытайлык спортчу күрөшүп, аны 2:1 эсебинде жеңди.

Ал эми чейрек финалда Айпери Медет кызы вьетнамдык балбан кызды мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Жарым финалда ал Кытайлык Тайбейдин спортчусу менен күрөшөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Биздин убактыбызды эмне алат?

Максатты так эмес, бүдөмүк коюу. Иштеги приоритеттердин жоктугу. Бир убакта өтө көп нерсени жасоого аракет кылуу. Жумуш күнүн туура эмес пландаштыруу. Жеке жыйынтыксыздык, “чачылган” стол. Документтерди жана башка маалыматтарды натыйжасыз сактоо. Эмгектин жетишсиз бөлүштүрүлүшү, бирөөнүн ишин кылуу, жок деп айта албоо. Телефон чалууларды, каттарды жана сүйлөшүүлөргө алаксытуу. Өзүн өзү тарбиялоонун […]

Сизге жагышы мүмкүн