Азия Кубогу -2024: Футзал курамасынын атаандаштары аныкталды

Автор

Футзал боюнча 2024-жылкы Азия Кубогунуна чүчүкулак тартуу аземи Куала-Лумпур шаарындагы Азия футбол конфедерациясынын баш кеңсесинде өттү. Бул тууралуу КР Футзал ассоциациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын жыйынтыгында командалар 4 тайпага бөлүндү.
Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасы «С» тайпасында орун алды. Улуттук курама менен кошо тайпада Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея курамалары жайгашты.
Белгилей кетсек, Азия биринчилигинин оюндары 2024-жылы 17-28 апрель күндөрү Таиландда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Ашуулардагы абал айтылды

Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылып, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Долон, Чапчыма, Сөөк жана башка ашуу участокторуна баруучулар жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында чынжырлары болуусу керектигин эскертти. Министрликтен белгилешкендей, жолдордун тоолуу тилкелеринде тыгын пайда болгон учурда каршы тилкеге чыкпоо жана кардан тазалоо жана инерттүү материалдарды чачуу менен алектенген атайын техниканын кыймылына тоскоолдук […]

Сизге жагышы мүмкүн