Азия Кубогу: Эртең “Ак шумкарлар” Таиланд курамасы менен беттешет

Автор

Эртең, 16-январда 2023-жылкы футбол боюнча Азия Кубогунун “F” тайпасында “Таиланд-Кыргызстан” беттеши орун алат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул тапта Катарда өтүп жаткан футбол боюнча негизги континенталдык турнирдин алкагында “Ак шумкарлар” өз тайпасында кез келчү алгачкы Таиланд командасы өз тарыхында Азия Кубогунда жети жолу ойногон.
Кыргызстан жана Таиланд Улуттук курама командаларынын ортосунда жолдоштук беттеш тарыхта бир гана жолу – 2001-жылы өткөн. Аталган жылдын 30 январында орун алган оюнда атаандаштар өз үйүндө 3-1 эсеби менен биздин курамабызды жеңип алган.
Азия Кубогу үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 10-февралына чейинки аралыкта Катардагы 9 стадионунда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык окуучулар Эл аралык олимпиададан 17 медаль утту

Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасынан 17 медаль утту. Анын ичинен күмүш – 4, коло – 13. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу […]

Сизге жагышы мүмкүн