Азия кубогу: Футбол боюнча жаштар курамасы даярдыгын баштады

Автор

Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы жаңы башкы машыктыруучу Сергий Пучковдун жетекчилиги астында Азия Кубогунун финалдык этабына даярдыктарды баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, U-20 жаштар курамасы 12-февралдан 1-мартка чейин Шэньчжэнь шаарында (Кытай) өтө турган континенталдык турнирде ойнойт. Кыргызстан курамасы Австралия, Кытай жана Катар курамалары менен бир тайпада жайгашкан.

Даярдыктын биринчи этабынын алкагында команда Ысык-Көлдүн “Кыргызское взморье резорт” пансионатында старттык окуу машыгуу жыйындарын өткөрөт. Андан ары 1-январдан тарта команда Испанияда окуу-машыгуу жыйынын улантып, 5 контролдук беттеш өткөрөт. Андан соң курама турнирге катышуу үчүн Кытайга сапар алат.

Бөлүшүү:
Next Post

"Сирия дүйнөгө коркунуч жаратпайт". Асадды бийликтен кулаткандардын лидери маек берди

Сириянын факты боюнча лидери Ахмед аль-Шараа өлкө согуштан алсырап, коңшулары же Батыш үчүн коркунуч жаратпай турганын билдирди. Дамаскта Би-Би-Сиге берген маегинде ал Сирияга карата санкцияларды алып салууга чакырды. Ахмед аль-Шараа “Хайят Тахрир аш-Шам” террордук топ эмес экенин айтты. Алар тынч жашоочуларга же жарандык аймактарга кол салбаганын билдирди. Чындыгында, алар өздөрүн […]

Сизге жагышы мүмкүн