Азия Кубогу: Оюндардын толук жүгүртмөсү

Автор

Бүгүн, 12-январда Катарда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын катышуусу менен 2023-жылкы Азия Кубогу башталат. Турнирге төрт командадан алты тайпага бөлүнгөн 24 улуттук курама катышат.
Кыргызстандын улуттук курамасы «F» тайпасында орун алган, Таиланд, Сауд Аравия, Оман курамалары менен кез келет.
Оюндардын жүгүртмөсү: 16-январь
Таиланд –Кыргызстан: Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия – Оман: Халифа стадиону
21-январь
Оман –Таиланд: Абдулла бин Халиф стадиону
Кыргызстан – Сауд Аравия: Ахмат бин Али стадиону
25-январь
Кыргызстан – Оман: Абдулла бин Халиф стадиону
Сауд Аравия – Таиланд: Эдьюкейшн сити стадиону
Эске салсак, Азия Кубогу үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 10-февралына чейинки аралыкта Катардагы 9 стадионунда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

13-январда күтүлгөн аба ырайы

13-январда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13, Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14, Ысык-Көл […]

Сизге жагышы мүмкүн