Футбол боюнча Катар курама командасы Тажикстанды жеңип, мөөнөтүнөн мурда плей-оффко баскычына чыкты
Экинчи айлампадагы беттеште мелдештин кожоюндары Тажикстандын командасы менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Биринчи таймдагы жалгыз голдун автору Акрам Афиф болду. Бул анын турнирдеги үчүнчү голу болуп саналат.
Биринчи турда катарлыктар Ливанды 3:0 эсебинде утуп алышкан.
Экинчи турдан кийин Катар 6 мүмкүн болгон 6 упайга ээ болуп, тайпада 1-орунду камсыздап, мөөнөтүнөн мурда 1/8 финалга өттү.
Акыркы турда Катар Кытай менен, Тажикстан Ливан менен ойнойт.