Азия Кубогу: Катар Иран курамасын финалга чыкты

Автор

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун экинчи жарым финалдык беттешинде Катардын курама командасы Ирандын курамасын 3:2 эсеби менен жеңип, чемпионаттын финалына чыкты.
Доха шаарындагы “Аль-Тумама” стадионунда өткөн оюнда ирандыктардын катарынан Сердар Азмун (4-мүнөттө) менен Алиреза Жаханбахш (51-мүнөттө) гол киргизсе, катарлык оюнчулар Жассем Габер Абдулсаллам (17-мүнөттө), Акрам Афиф (43-мүнөттө) жана Алмоез Али (82-мүнөттө) бир гол киргизди. Ушуну менен Катардын улуттук курамасы Азия Кубогунун финалына экинчи жолу чыгып жатат. 2019-жылы өткөн Азия Кубогунда чемпион болгон.
Эми Катар курама командасы финалда Иордания курамасы менен беттешет. Финалдык беттеш 10-февралда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Туманбаев Профсоюздардын мүлктөрү менчиктештирилбей турганын айтты

Президенттин Иш башкармалыгына өтүп жаткан Профсоюздар федерациясынын мүлктөрүнүн бири дагы менчиктештирилип, бирөөгө берилбейт. Бул тууралуу Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, ошол Профсоюздар федерациясынын карамагында болуп, талкаланып жана менчиктештирилип бараткан мүлктөрдү сактап калуу президенттин негизги максаты жана аракети болгон. «Президентибиздин тапшырмасы менен Профсоюздан алынган баардык […]

Сизге жагышы мүмкүн