Катардын Доха шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Тайланд курамасына каршы Азия кубогундагы алгачкы беттешин өткөрүп, 0:2 эсебинде жеңилип калды.
Оюндагы эки голду Тайланддын чабуулчусу Супачай Чайдет (26, 48-мүнөт) киргизди. Беттеш Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өттү.
Белгилей кетсек, Азия Кубогуна жалпысынан 24 улуттук футбол курама командасы катышып, алар төрт командадан турган алты тайпага бөлүнгөн. Тайпалык этаптын жыйынтыгы боюнча турнирдин плей-офф баскычына ар бир квартеттен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлегендердин ичинен эң мыкты 4 команда чыгат.
Кыргызстандын улуттук курамасы «F» тайпасында орун алган, атаандаштары Таиланд, Сауд Аравия жана Оман курамалары болот.
Азия Кубогу үстүбүздөгү жылдын 12-январынан 10-февралына чейинки аралыкта Катардагы 9 стадионунда өтүүдө.