Азимбек Бекназаров 2-январга чейин камакта калды

Автор

Бишкектин Биринчи Май райондук соту саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтүн 2-январга чейин узартты. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров билдирди.
2024-жылдын 12-сентябрында Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» беренеси боюнча кылмышка шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
УКМКнын маалыматына караганда, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсүнө 2010-жылдагы апрель окуясында сейфтерден жана өкмөт үйүндөгү акча каражаттарын уурдоо жана ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Суу каптоолордон көз жумгандардын саны 158ге жетти

Испанияда катуу жааган жаандын жана селдин кесепетинен каза болгондордун саны 158ге жетти. Жаратылыш кырсыгынан эң көп Валенсия, Кастилия-Ла-Манча жана Андалусия автономдук аймактары жабыркады. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн