Азимбек Бекназаров кайрадан кармалды

Автор

Бүгүн, 12-сентябрда Азимбек Бекназаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, камакка алынды. Бул тууралуу саясатчынын уулу Руслан Бекназаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында Азимбек Бекназаров коопсуздук кызматына Убактылуу өкмөттүн ишине байланыштуу деген негиз менен суракка чакырылган.
Улуттук коопсуздук комитети «Азимбек Бекназаров кармалды» деген уулунун маалыматы боюнча комментарий бере элек.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары - 2024: Аба ашыртмалы күрөшү боюнча курама команда 4 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын аба ашыртмалы күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстан Республикасынын Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында 4 медаль (3 алтын, 1 коло) жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Роман Сапаров (60 кг), Айболот Аманов (80 кг) жана Бактияр Мирлан уулу […]

Сизге жагышы мүмкүн