Азимбек Бекназаровдун эмнеге камалганы айтылды

Автор

Кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Азимбек Бекназаров кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 2010-жылдын апрель айында болгон окуялардын жүрүшүндө банк ячейкаларынан жана Өкмөт үйүнөн алынган акча каражаттарын уурдоо жана коротуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
“Тергөөнүн жүрүшүндө Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү А.Бекназаровдун укук коргоо органдары тарабынан көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча камакка алынган ири суммадагы акча каражаттарын ыйгарууга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Ошондой эле, тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар А. Бекназаров Ысык-Көлдүн курорттук зонасынын аймагында, Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында кымбат баалуу кыймылсыз мүлк объекттерин сатып алуу жана аларды жалган адамдарга тариздөө аркылуу кылмыш жолу менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштыргандыгын айгинелейт”, -деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу 2024-жылдын 12-сентябрында А.Бекназаров КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо) каралган кылмышты жасаган деген шек менен кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мыйзамда белгиленген мөөнөттө А.Бекназаровго тиешелүү айып тагылып, тергөө учурунда баш коргоо чарасын тандоо маселеси сот тарабынан чечилет.
Улуттук коопсуздук органдары тарабынан жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого, ошондой эле ага катышкан бардык адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө

Бөлүшүү:
Next Post

Орусия Кыргызстанда эки чакан ГЭС курат

Орусия Кыргызстанда “Чандалаш” жана “Жерүй” чакан ГЭСтерин курат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимдер Ысык-Көлдөгү кыргыз-орус экономикалык форумунун жыйынтыгында жетишилди. Жалал-Абад облусундагы “Чандалаш” ГЭСи менен Таластагы “Жерүй” гидроэлектрстанциясы 80 млн долларга бааланды. Форумдун алкагында эки өлкөнүн ортосунда жалпы 265 млн долларлык келишим түзүлгөнү кабарланды. Анын ичинде “Кыргыз […]

Сизге жагышы мүмкүн