Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди

Автор

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасына келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Ильхам Алиев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.
Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Курск облусунда Түндүк Кореянын 11 миңдей аскери бар экени айтылды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын Курск облусунда 11 миңге жакын Түндүк Кореянын аскери бар экенин билдирди. “Украинанын чалгындоо кызматынан Түндүк Кореянын аскерлеринин Россия аймагында жүргөнү тууралуу билдирүү келген. Алардын саны Курск облусунда 11 миңге жетти. Биз алардын саны өсүп жатканын байкап жатабыз. Тилекке каршы, биздин союздаштардан эч кандай реакция көргөн […]

Сизге жагышы мүмкүн