Азат Козубеков Улуттук банктын төрага орун басары болду

Автор

Азат Козубеков Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Козубеков Азат Айбекович Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Эске салсак, Азат Козубеков буга чейин Улуттук банкынын акча-кредиттик операциялар бөлүмүн жетектеп келген.

Бөлүшүү:
Next Post

МАГАТЭнин башкы директору Курск шаарына келди

Эл аралык атомдук энергия боюнча агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гросси Курчатов шаарына расмий сапары менен келип, Курск атомдук электр станциясын көрүп чыкты. Сапардын алкагында АЭСтин объектилерин текшерип, коопсуздук деңгээлин баалап, станциянын жетекчилиги менен өзөктүк объекттерди эксплуатациялоо жана модернизациялоо маселелерин талкуулайт. Ошондой эле «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү […]

Сизге жагышы мүмкүн