Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдында нааразычылык акциясы болот. Акцияга чыккандар шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылышат. Бул боюнча укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирген.
Азамат Ногойбаев 31-мартта Фейсбуктагы түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, шаарда өспүрүм кыздардын зордукталып жаткан учуру көп катталып жатат деп билдирген.
Ал эми ИИМдин ички иликтөө кызматы Ногойбаевдин айткандары боюнча териштирүү иштерин баштаган.