Кытайдын Чжухай шаарында 11-ноябрда өлүмгө алып келген жол кырсыгы катталды. Анда 35 адам каза болуп, 43 адам жаракат алды.
Маалымат каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берип, 62 жаштагы Фан аттуу айдоочу ажырашуудан кийинки мүлктү бөлүштүрүү маселесинен улам капа болгонун жазышкан. Ал унаасы менен спорттук комплексте машыгып жаткан адамдарды сүзгөн. Андан кийин өмүрүн кыюуга аракет кылып, мойнуна бычак сайган. Азыркы учурда ал ооруканада.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бул окуя боюнча пикирин билдирди. Ал айдоочуну катуу жазалоону талап кылып, аймактык бийликтерди бул трагедиядан олуттуу сабак алууга жана мындай окуялардын алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырды.
«Жабыркагандарды куткаруу үчүн бардык күч-аракетти жумшоо керек, жабыркагандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча дыкат иш жүргүзүү зарыл. Кылмышкерди мыйзамга ылайык катуу жазалоо керек»,-деди Си Цзиньпин.