Ажылык-2025: Сауд Арабия Кыргызстанга 6000 квота бөлдү

Автор

Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлиги Кыргызстанга 2025-жылдагы ажылык үчүн 6000 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда ажылык сапарын уюштуруу боюнча атайын штаб түзүлүп, кызуу иш алып барууда.
Эскерте кетсек, Сауд Арабия 2024-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6060 квота берген. Ажылык сапардын чыгымы 3750 долларды түзгөн.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн