Ажылык -2025: Зыяратчыларды каттоо башталды

Автор

Бүгүн, 7-октябрда Кыргызстанда 2025-жылдагы ажылыкка бара тургандарды каттоо иштери башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 11:00гө карата 3258 киши баштапкы 2 миң АКШ долларын жана кайтарымсыз 1200 сомун “Элдин банкка” төлөдү.
Белгиленгендей, 2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди өлкө боюнча бир тизмеге каттоо жүрүүдө. Талаптарга ылайык, жарандар муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарына жана райондук хатибияттарына квитанциясын жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага каттала алышпайт.

Кыргызстанга бөлүнгөн 6 миң квота толору менен банктын филиалдарындагы ажылыкка каттоо токтотулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Газадагы жаңжалга бир жыл: Европа лидерлери ок атышууну токтотууга чакырды

Euronews сайтындагы маалыматка караганда Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдирүү жасады. Анда “Европа биримдиги ошол каргашалуу күндөн бери жашоолору кыйраган бардык күнөөсүз адамдарды колдойт. Бир жыл өттү, ал эми Газа тилкесиндеги гуманитардык абал коркунучтуу”,-деди. Ал Газа секторунда ок атышууну токтотууга жана ХАМАС тарабынан барымтага алынган израилдиктерди бошотууга чакырды. […]

Сизге жагышы мүмкүн