Ажылык – 2024. Оштон зыяратчылар 31-майдан тарта уча баштайт

Автор

“Ош” эл аралык аэропорту зыяратчыларды ажылык сапарга узатууга даярданууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААК билдирет.
Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык” ААКтын “Ош” филиалынын директору Тимурлан Маданбеков Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов менен жолукту.
Жолугушуунун алкагында 2024-жылкы зыяратчыларжы ажылык сапарга “Ош” эл аралык аэропорту аркылуу учуу-каттамдары талкууланды. Ошондой эле ажылык сапарга узатуу жана тосуп алуу маселеси каралып, зыяратчыларды көзөмөлдөө Ош шаардык казыятка жүктөлгөнү айтылды.
Азыркы маалда “Ош” эл аралык аэропорту тарабынан ажылардын алгачкы тобун сапарга узатууга, каттамдарды уюштурууга кызуу даярдык жүрүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн “Акыркы коңгуроо”: Билим берүү министри бүтүрүүчүлөрдү куттуктады

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды, бүтүрүүчүлөрдү жана ата-энелерди окуу жылынын аякташы менен куттуктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди. Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, сүйүктүү окуучулар, кадырлуу кесиптештер жана урматтуу ата-энелер! Баарыңыздарды окуу жылынын ийгиликтүү аякташы, “Акыркы коңгуроо” салтанаты менен чын дилимден куттуктайм! Бүтүрүүчүлөргө […]

Сизге жагышы мүмкүн