Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу бүгүн Ош эл аралык аэропортунан учуп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
Болочок ажыларды ыйык сапарга узатууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ кызматкерлери, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушев жана анын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков башында турган дин ишмерлери катышты.
Жалпысынан 31-майдан 8 – июнга чейин Ош-Медина жана Ош –Жидда багытты боюнча 4018 жаран учат.
Ал эми Бишкек шаарынан алгачкы каттам 6-июнда башталып, 10-июнга чейин уланат. Жалпы 2042 жаран Ош-Медина жана Ош –Жидда багытты боюнча жөнөп кетишмек.
Эске салсак, быйылкы жылы 6060 жаран ажылык сапарга жолдомо алышкан.