Ажылык учурунда көз жумгандардын саны миңден ашты

Автор

Сауд Арабиясында Меккеге ажылык сапар учурунда көз жумган зыяратчылардын саны 1,3 миңден ашты. Саламаттык сактоо министри Фахд бин Абдель Рахман аль-Жаладжелдин айтымында көз жумгандар Меккеде жерге берилди. Буга чейин 1 миң каза болгону белгилүү болгон.
“Ажылык учурунда каза тапкандардын саны 1 301ге жетти. Алардын 83 пайызында тиешелүү визасы жок болчу”,-деди министр.
95 зыяратчы ооруканаларда дарыланып жатат. Айрымдары Эр-Риядга жеткирилди.
Министрдин айтымында, көпчүлүк учурда өлүм кургакчылык жана физикалык чарчоо менен байланыштуу болгон. Меккеде температура +51 градуска жетти.
Каза болгондордун арасында 660 египеттик бар. Алардын ичинен болгону 31 гана адам өлкөдө болууга укуктуу болгон. Маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында Индонезиядан 165, Индиядан 98 жана Иордания, Тунис, Марокко, Алжир жана Малайзиядан ондогон адамдар бар.
2024-жылы ажыга 1,83 миллион зыяратчы барган, алардын 1,6 миллиону чет өлкөлүктөр. Өткөн жылы ажылык учурунда 240 адам каза болгон. Ысык аба ырайынан улам 10 миң зыяратчы ооруканага кайрылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 24-26-июнда Бельгия Падышалыгына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Мамлекет башчысы 25-июнда Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаровдун Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана […]

Сизге жагышы мүмкүн