Ажылыкта каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок

Автор

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы ысыктан улам ажылык учурунда каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин билдирди.
Маалыматка ылайык, 6 миңден ашык кыргызстандык зыяратчы ажылык сапарда жүрөт.
«Ажылыкка кеткен кыргызстандык зыяратчылар 22-июндан тарта мекенибизге кайта башташат. Алардын алгачкы тобу Оштогу аэропортко келет. Быйылкы жылы 6060 жараныбыз Сауд Аравияда ажылык амалдарын аткарып жүрүшөт”, — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Сауд Аравиядагы ысыктан улам ажылык учурунда кеминде 550 зыяратчы каза болгондугун чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун колдоду

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору тууралуу […]

Сизге жагышы мүмкүн