Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин кызматкерлерине 54 унааны тапшыруу аземине катышты.
«Жаңы жылдын алдында сот аткаруучуларынын кызматы өзүнүн түзүлгөндөн берки биринчи жолу жаңы кызматтык унааларды алышууда. Бул өлкөнүн материалдык-техникалык базасы күчтөнүп жатканын билдирет. Ал эми жакшы материалдык-техникалык база – күчтүү мамлекеттин белгиси.
Белгилей кетчү нерсе, 54 кызматтык унаа мамлекеттик бюджеттин эсебинен 102 миллион 898 миң сомго сатылып алынды. Президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан жаңы техниканын сатып алынышы жана жакында боло турган майрам менен куттуктайм!»,-деди ал.
Адылбек Касымалиев акыркы эки жылда сот системасына бөлүнгөн бюджеттин дээрлик үч эсе көбөйгөнүн белгиледи.
Сот департаменти үчүн «Шевроле Трекер» маркасындагы ата мекендик өндүрүштөгү унаалар сатылып алынган.