Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Касымалиев Адылбек Алешович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчисинин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.
Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо үчүн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан кетти. Президент кол койду
Дүй Дек 16 , 2024