Адылбек Касымалиев алдыда аткарылчу иштерди атады. Алар кайсылар?

Автор

Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев алдыда аткарылчу бир катар иштерди тизмектеди.
Министрлер кабинетинин төрагасы төмөндөгүдөй максаттар коюлганын айтты:
ИДПнын өсүү темпин орточо 9%да кармалат;
Номиналдык жактан 2030-жылга чейин ИДПны 30 млрд долларга, сом менен айтканда 3 триллиондун деңгээлинен ашырылат;
ИДПнын жан башына бүгүн эки жарым миң доллар же 200 миң сомду түзсө, аны 4 миң долларга чейин жеткирилет;
консолидацияланган бюджеттин көлөмүн азыркы 704 млрд сомдон 2030-жылы 1 триллиондон
ашырылат;
Экономиканын структурасы түп-тамырынан өзгөрөт: сервистик экономикадан индустриалдык-агрардык экономикага басым жасалат;
чакан жана орто бизнестин үлүшү 50%га жеткирилет;
жакырчылыктын деңгээлин 17%га чейин кыскартылат;
балдарды бала бакчалар менен 80%га чейин камтылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Батышты Орешник менен дуэлге чакырды

Россиянын Президенти Владимир Путин түз эфир учурунда Европада азыр жайгашкан абадан коргонуу системалары «Орешник» системасынын ракеталарын атып түшүрө албай турганын билдирди. «Орешниктин» мүмкүнчүлүктөрүнө ишенбеген Батыш эксперттерине ал «XXI кылымдын жогорку технологиялуу дуэлин» өткөрүүнү сунуштады. «Айталы, Киевде белгилүү бир объектти белгилеп, бардык ракетадан коргонуу күчтөрүн ошол жакка топтосун. Биз болсо ал […]

Сизге жагышы мүмкүн