“Адилет” партиясынын талапкери үчүн иштеген жаранга “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш иш козголду. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы тараты. Маалыматта айтылгандай, И. Н атту жаран “Адилет” партиясынан А. И нин пайдасына 113 кишинин добушун сатып алуу максатында 55.500 сом берген. Аны менен эле калбай 17 адамдын Мбанкына 1000 сомдон 2000 сомдон которгон. Мындай маалыматтар партияны тинтүү учурунда белгилүү болгон.