16-июлда полициянын өкүлү генерал Саид Монтазермахди полиция эскертүүлөрүн кайра улантып жатканын, коомдук жайларда хиджаб кийбеген аялдар камакка алынарын билдирди.
2022-жылдын сентябрында хиджабга байланыштуу 22 жаштагы Махса Аминин өлүмү узакка созулган нааразылык акцияларына, көптөгөн камоолор, ал тургай өлүм жазасына алып келди. Аялдардын коомдук жайларда хиджаб кийүү талабы 1979-жылдагы Ислам ыңкылабынан көп өтпөй мыйзамдуу кабыл алынган.