Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы жактоочу Самат Матцаковдун камактагы мөөнөтүн 2025-жылдын 2-февралына чейин узартты.
Самат Матцаковдун камактагы мөөнөтүн узартуу боюнча сот 27-декабрда да болгон.
Анда жактоочулары сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн.
УКМК камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.