Бүгүн, 8-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда депутат Адахан Мадумаровдун иши каралды.
Жактоочулардын Мадумаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сот канааттандырган жок. Саясатчы 2024-жылдын 9-февралына чейин камакта калды.
Эске салсак, Адахан Мадумаров үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.