Адахан Мадумаров: “Ийне көзүндөй илинчээк табалышкан жок”

Автор

Түнкү саат 24:00 дө Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө абагынан бошогон Адахан Мадумаровду жоон топ тарапташтары тосуп алышты.
“Мага ийне көзүндөй илинчээк табалышкан жок. 8 айда башмыйзамдын жок экени дүйнөгө ашкере болду. Мындай шермендечилик болгон эмес. Ден соолугум жакшы, мен капаста отурсам да, өзүмү дайыма эркин сезип келгемин. Башында айткамын адилеттүүлүк керек болсо, ийилбейт дагы. Мына ийилген жок”,- деди.
Ал мындан ары күрөш улана берээрин, маселенин баары мандат маселесине байланыштуу болуп жатканын айтты.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Максатбек Сарбагышев мандатынан кол жууду. БШК анын ыйгарым укуктарын токтотконун билдирди. Ал мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшыруу чечимин өзү кабыл алган. Кандай себептен кетккни азырынча маалымдалган жок. Айрым серепчилер мындан башка депутаттардын дагы парламенттен кетээрин болжошууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн