Адахан Мадумаров абактан ооруканага которулду

Автор

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров бүгүн,  26-октябрда абактан ооруканага которулду. Бул тууралуу  аталган фракциядан билдиришти.

Депутат Мадумаров УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.

Эске салсак, саясатчы Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 24-октябрга чейин камакта калтырган.

Ички иштер министрлиги  Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Бөлүшүү:
Next Post

ШКУ саммити: 2024-жыл “Экология жылы” деп жарыяланды

Шанхай Кызматташтык Уюмуна(ШКУ)  мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги  жыйыны аяктады.  Анда жалпысынан 14 документке кол коюлду. Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду: Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар (премьер-министрлер) кеңешинин жыйырма экинчи отурумунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;   Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын ШКУга мүчө мамлекеттердин […]

Сизге жагышы мүмкүн