Адахан Мадумаровдун ордуна Аккулу Бердиев ЖК депутаты болду

Автор

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун бошогон мандаты “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесиндеги Аккулу Бердиевге тапшырылды. Тиешелүү чечимди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бүгүн, 23-августтагы отурумда бир добуштан кабыл алды.
Маалыматта белгиленгендей, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Аккула Бердиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Ага күбөлүк жана төш белги берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Россияга каршы куралдарын колдонууга уруксат берди

Пентагондун расмий өкүлүнүн орун басары Сабрина Сингх АКШ Украинага Россиянын Курск облусунда Америка куралдарын колдонууга уруксат бергенин билдирди. «Биздин ыкмалар Украинага чек ара аймактарынан, анын ичинде Курск жана Сумадан Россиянын чабуулдарынан коргонуу үчүн контрчабуулдарды жасоого мүмкүнчүлүк берет»,-деди Сингх брифингде. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук украиналык аскерлер 22-августта […]

Сизге жагышы мүмкүн