Баткендеги чек ара тилкеси боюнча айыпталып, камакка алынган Адахан Мадумаровдун тарапташтары нааразычылык билдирип жатышат. Алар учурда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси делген Нурлан Сулаймановду дагы кошо жоопко тартууну суранышууда. Анткени, ал ошол кезде транспорт министри катары сүйлөшүүлөргө катышканы айтылууда. Эгер “бармак басты көз кысты” болсо, анда Адахан Мадумаровду камоо жөн гана саясий шоуга айланат деген пикирлер айтылып жатат.
Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин дарегине айтылган орунсуз сындарды четке какты
Бей Сен 7 , 2023