Британиялык компания Барселонадагы көргөзмөдө адаттан тыш мобилдик Интернет тармагын көрсөттү. Долбоор уюлдук тармакты ишке ашырууга болгон мамиле жагынан абдан уникалдуу. Базалык станциялар катары жерге кабелдер менен бекитилген шарлар колдонулат. Ага 130 километрге чейинки радиуста кадимки смартфондун жардамы менен туташууга болот.
Бир шар Жер үстүндөгү 12 мунаранын ишин аткарууга жөндөмдүү. Бул жабдууларды орнотууга кеткен чыгымды кыскартып, алыскы аймактарда жашаган элди Интернет менен камсыздайт.