2023-жылдагы адабият боюнча Нобель сыйлыгы норвегиялык жазуучу жана драматург Юн Фоссеге ыйгарылды.
Жазуучу сыйлыкты түшүндүргүс нерселерди билдирүүгө мүмкүндүк берген инновациялык пьесалары жана прозалары үчүн алды.
Фоссе 1959-жылы туулган. Норвегиянын Берген шаарында жашайт. Ал 1983-жылы дебют жасап, ар кандай жанрларда 40 китеп басып чыгарган. Фоссе Европадагы эң популярдуу драматургдардын бири. Анын пьесалары 800гө жакын жолу коюлган.