Агрардык өнөр жайды өнүктүрүүгө 43,1 млрд сом бөлүндү

Автор

Айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө 43,1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров экинчи Элдик Курултайдын жүрүшүндө билдирди.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан өзүн тамак-аштын беш түрү менен толук камсыздай алат.
“Өнөр жайды өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлүүдө. 60тан ашык ишкана ишке киргизилип, 7,7 миң жаңы жумуш орундары түзүлдү. Үч жылдын ичинде өнүктүрүү фонддору жана банктар тарабынан 1 миң 282 өнөр жай ишканасына каржылоо ачылган. “Кыргыз өнөр жайы” жер семирткичтерди, мыктарды, пластмассаларды, электроникаларды, топчуларды, аксессуарларды, кассалык машиналарды, фарфор, ксерокс жана башка түрлөрүн чыгаруу боюнча 20 долбоорду ишке ашырууда”, – деди президент.

Бөлүшүү:
Next Post

Элдик курултайдын экинчи күнү өз ишин баштады

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик Курултайдын экинчи күнү өз ишин баштады Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү катышууда. Кечээ, мамлекет башчысы өлкөдөгү абал тууралуу кайрылуу жасап, биринчи Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча аткарылган […]

Сизге жагышы мүмкүн