Агасы бардын бактысы бар…

Автор

Агасы өлкөнү бийлеп турганда иниси бир наамга жетпей калмак беле? Өткөндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун бир тууган иниси Рахатбек Жапаров президенттин буйругу менен генерал-майор наамына татыды. Ал түздөн-түз агасына баш ийген кызматта иштейт. Тактап айтканда, Жазаларды аткаруу кызматынын төрага орун басары. Бирок, коомчулукта тууганчыл саясаттын арты менен карьера жасап, чоң жылдызга туйтунду деген пикирлер да жок эмес. Ини Жапаров канчалык кыйын иштесе дагы, агасы өкмөттү башкарып турганда кое турса болмок дешүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Баткен облусунда дем берүүчү гранттардын эсебинен 27 долбоор каржыланды

Баткен облусуна 2024-жылдын 8 айына карата дем берүүчү гранттардын эсебинен 38,6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бөлүнгөн суммага 27 долбоор каржыланды: Кадамжай району 11 объектисине – 16,4 млн сом; Лейлек району району 6 объектисине – 7,0 млн сом; Кызыл-Кыя шаары 6 объектисине – 8,4 млн […]

Сизге жагышы мүмкүн