Автобекеттердин мыйзамсыз сатылган жерлери кайтарылат

Автор

Бишкектеги автобекеттердин мыйзамсыз сатылган жерлерин мамлекетке кайтаруу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, бул иштер президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.
“Садыр Нуркожоевичтин демилгеси менен автобекеттер шаардын сыртына чыгарылат. Бул демилге калаа тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү жана тыгындарды азайтуу максатында ишке ашырылууда”, – деп жазды ал.
Туманбаев автобекеттердин айрым жерлери жеке тараптарга менчикке берилип, ал эми имараттары оңдолбой эскирип баштаганын белгилеген.
“Өлкө жетекчилеринин колдоосу менен эски автобекеттер толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, мамлекеттик мекемелер жайгаштырылат”, – деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Кара-Суу шаарында ири футбол стадиону курулат

Кара-Суу шаарына эл аралык талаптарга жооп берген стадион курулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Кара-Суу шаарындагы “Манас” стадионун азыркы абалы менен таанышуу учурунда билдирди. Камчыбек Ташиев эскилиги жетип, талкаланып калган бул стадионду толугу менен Эл аралык талаптарга жооп берген стадион кылып кайра жаңылоо тапшырмасын коюп, иштин жүрүшүн […]

Сизге жагышы мүмкүн