Австралиялык парашютчу Феликс Баумгартнер 39 миң метр бийиктиктен секирди. Мындан улам ал дүйнө жүзүндө алгачкы жолу эң бийиктен секирген парашютчу болуп калды.
Анын аба мейкиндигиндеги ылдамдыгы бир саатта 174 километрди түзүп, үн ылдамдыгын ашканы маалымдалды. Ал 39 миң метрге 2 саат 21 мүнөттө чыккан. Ал эми жерге 10 мүнөттүн ичинде келип түшкөн. Парашютчунун жалпы чыгымы 200 миң долларга чамаласа, окуяга ютуб каналы аркылуу 7 млн адам күбөө болгон.